Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев УКМК тергөө абагына киргизилди
Ал ЖЭБ модернизациясындагы иште кезектеги катышуучу болуп калды
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматынын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында УКМК пресс-кызматы билдирди.
«Бүгүн Бишкек ЖЭБ модернизациялоодо иликтенген кылмыш ишинин алкагында, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалды. Ал КР КК 30-беренесинин 6 б. жана 303-берененин 1 б. каралган кылмыш ишине шектелип жатат», - деп билдирди мекемедегилер.
Вероника Малышева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз