Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ эсебинде туруу депутат болууга жолтоо болбойбу ?

Эмне үчүн «героин менен кармалган киши» шаардык кеңеште отургандыгын юрист түшүндүрүп берди

Укук коргоо органдарынын эсебинде туруп деле жергиликтүү кеңешке депутат боло берет. Муну эки күн мурун  бир килограмм героин менен кармалган Исфана шаардык кеңешиндеги эл өкүлү айгинеледи.

Бул тууралуу Vesti.kg сайтына билдиришти.

Бирок бул тамашадан сырткары нерсе. БШК мүчөсү, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев 1963-жылы туулган У.М. шаардык кеңешке өткөндө мыйзам бузулган эмес деп Vesti.kg сайтына комментарий берди.
    
БШК шайланган депутаттарды ИИМ маалымат борборунан справка сурап текшерет, - дейт ал.
- Бирок тилекке каршы, анын милицияда эсепте тургандыгы жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланышына тоскоол болбойт. Биздин мыйзам ушундай экен.

Осмоналиевдин айтымында, бүгүнкү күндө шайлоо учурунда мыйзам талапкердин жарандыгын, ден соолугун, жаш өзгөчөлүгүн жана соттолгон эместигин гана карайт.

- Мен жеке өзүмдүн пикиримде бул нерсе мааниге ээ болушу керек жана бул маселени бир канча жолу көтөрдүм, - деп макул болду Кайрат Медербекович

Мындан мурун Vesti.kg сайтына мыйзамсыз баңги затты жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери 1963-жылы туулган У.М. кармашканын билдиргендигин эсиңиздерге салабыз. Ал азыркы  учурдагы Исфана шаардык кеңешинин депутаты болуп чыккан. Ал ИИМ ыкчам эсебинде турган.

Депутатка тийешелүү көмүр сактаган жайдан 960 грамм баштыкчадагы героинди табышкан.

Ольга Федорчук
Фото www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх