Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тергөөчүлөрдүн айынан 42 адам убактылуу тергөө абагында белгиленген мөөнөттөн ашыкча отурушат

Акыйкатчынын аппаратынын маалыматы боюнча, прокуратуранын аракетсиздигинин аркасында ушундай мыйзамсыздыктар болуп жатат

Свердлов РИИБ тергөөчүсү Асановдун өз милдетине шалаакылык менен мамиле кылгандыгына байланыштуу, милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын 1989-жылы туулган жараны Р.У., 2018-жылы 1-июнда кармалып ШИИБ убактылуу тергөө абагына камалган. Ал 14 күн бою мыйзамсыз камакта жаткан.

Акыйкатчынын аппараты убактылуу кармоо абагы кыска убакытка гана дайындалган (48 саатка). Кылмыш ишине шектүүнү кармап туруу үчүн гана даярдалгандыгын эскертет.

Акыйкатчынын кызматкерлери «БУУ кыйноолорго жана башка адамгерчиликсиз  адамдын кадыр-баркын түшүрө турган жазаларга каршы Конвенциясына» ылайык, бул факт кыйноо деп эсептелет да, эл аралык жана улуттук мыйзамдардын нормаларын бузуу болуп саналат.

Андан сырткары, тергөөчү Асановдун иш аракети жана Свердлов райондук прокуратурасынын аракетсиздиги шалакылык деп эсептелет. Анткени аларга ШИИБ убактылуу кармоо абагынын жетекчилери бир канча жолу тийешелүү расмий кат менен кайрылышкан. Акыйкатчынын аппаратындагы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө ШИИБ убактылуу кармоо абагында тергөөчүлөрдүн шалакылыгынын айынан 42 адам көрсөтүлгөң мөөнөтүнөн ашыкча убакытка отурушат.

Акыйкатчынын аппараты тийешелүү органдарга бул фактка көңүл буруп жана тийешелүү чечимдерди кабыл алууларын өтүнөт.

Акыйкатчынын пресс-кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх