Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башпрокуратура өзүнүн начальнигин урган «оперге» карата кылмыш ишин козгоду

Эки кызматкер тең тергөө ишине байланыштуу ээлеген кызматтарынан убактылуу бошотулду

Ош областтык ИИБ криминалдык милиция Кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери өзүнүн начальниги Нурлан Жаанбаев менен мушташып кеткен, экөөнү тең убактылуу кызматтарынан четтетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына областтык ички иштер башкармасынан билдиришти.

- Бардык материалдар Башпрокуратурага жөнөтүлдү, КР КК 105-беренеси боюнча кылмыш иши козголду(атайылап денеге жаракат келтирүү), - деп билдиришти мекемеден.

- Эки кызматкер тең тергөөгө байланыштуу кызматынан убактылуу четтетилди.

Ош областынын ИИБ КМК ыйгарым укуктуу кызматкери өзүнүн түздөн-түз начальниги нурлан Жаанбаев менен мушташкандыгын мурдараак Vesti.kg сайты жазган эле. Бул тууралуу редакцияга укук коргоо органындагы өздүк маалымат булактары билдирген.

Акыркы маалыматтар боюнча Жаанбаев Ош клиникалык ооруканасынын жаак-бет бөлүмүнө жаткырылган.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх