Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таксист Чыңгыз Анарбек уулу кыргыз элинин алдында кечирим сурайт (видео)

Москвада футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен  кыргыз жараны камактан кат жазды

«Замандаш» партиясынын өкүлдөрү Vesti.kg сайтынын редакциясына Чыңгыз Анарбек уулунун катын жөнөтүштү. Төмөндө алынган текстти келтиребиз:
 
«Баарынан мурда мен ата-энемден, бир туугандарымдан, аялымдан жана жабыр тарткандардан кечирим сурайм! Кыргыз элинин жаман жагын көрсөтүп койгон болсом, мени кечирип коюуңарды суранам. Учурдан пайдаланып, менин катачылыгымдан жабыр тарткандардан дагы бир ирет кечирим сурайм. Мага жердеш-таксисттер, силерге кайрылам, мен кетирген каталыкты кайталабагыла. Менин жакындарым жана туугандарым менин айыман жапа чегип жатышат. Муну эстегенде камерада өзүмдү коёрго жер таппайм. Ошол эле убакта мени колдоп, түшүнүп турган бардык кыргыз элине ыраазымын.  Биздин президентибиз менен премьер-министрибизге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Ошондой эле менин жактоочуларым Токтошев Мирбек Сталбековичке жана Березин Павел Александровичке чоң ыраазычылык билдирем.



Апа, мени кечирип коюңуз, сизди азапка салдым жана кыйнадым! Мен сизди жакшы көрөм!

Мени кыйын мучурда колдоп турган менин туугандарыма жана жакындарыма терең ыраазычылык билдирем. Мен ишенем, баары жакшы болот!».

Бакыт Стамов
фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх