Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ММА чемпиону Абдылда уулу Бекболот зордуктоого шектүү катары камакка алынды

Спортчуга жана анын жардамчысына карата Оштун 25 жаштагы тургуну арыз жазды

ММА чемпиону Абдылда уулу Бекболот жана УКТ мүчөсү Ж.Р. камакка алынды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Ош шаарынын ИИБ пресс-кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын билдириши боюнча, Ош шаардык сотунун чечими менен убактылуу тергөө абагына спортчу 1 айга, ал эми УКТ мүчөсү Ж.Р. эки айга камалды.

Жогоруда аттары аталгандарга КР КК 129 - беренеси менен (Зордуктоо) кылмыш иши козголду.

- Арыз Оштун 1993-жылы туулган тургуну тарабынан 28-июлда түштү,- деп билдиришти милициядан.

Андан сырткары аларга мурда КР КК 105-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу(Атайылап денеге жаракат келтирүү). Окуя түштүк борбордун түнкү клубдарынын биринде мушташтан улам болгон.

Алар эс алуу борборунун кароолчусун сабагандыгы үчүн айыпталышкан. Ош шаардык соту бөгөт коюу чарасын үй камагына алуу менен көргөн болчу.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх