Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто «Акча тап, болбосо өлтүрөм» деп уулу апасын уруп жана аркан менен муунткан

Ал мурда адам өлтүрүп соттолгон

Оштун тургуну 75 жаштагы өз апасын муунтуп жана сабаган. Түштүк борбордун ИИБ пресс-кызматы билдиргендей бул окуя 26-июнда болгон.

41 жаштагы уулу карыган апасын кордогондугу тууралуу коңшулары милицияга билдиришкен.

- Жабырлануучунун айтымында аны темир аркан менен уруп, жыгылганда муунтуп: «Акча тап, болбосо өлтүрүп салам» деп кыйкырган. Аял азыр ооруканада жатат. Баласы кармалып, бир айга камалды, - деп билдирет укук коргоочулар.

Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Андан сырткары, милиционерлердин маалыматы боюнча шектүү мурда адам өлтүрүү боюнча соттолгон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх