Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдөгү жол курулушунда финансылык көз боёмочулук ачыкталды

Башпрокуратура кызматкерлери жана УКМК ККК бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз иштетүү жолдорунун схемасын ашкере кылды. Кылмыш иши козголду

Башпрокуратура алдамчылык, кызмат абалынан пайдалануу жана Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген мамлекеттик сатып алуулар боюнча КР КК 306, 304 жана 166 беренелери менен кылмыш иштерин козгоду.

Башпрокуратура менен УКМК ККК биргелешип текшерүүсүнүн натыйжасында транспорт жана коммуникация Министрлигинин алдындагы жол чарба Департаментинде бюджет каражаттарын мыйзамсыз колдонуу фактылары чыкты. Бул "Балыкчы - Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду"  автомобиль жолун реконструкциялоо процессинде болгон. 2015-жылы 17-декабрда Департамент менен «К» консалтинг компаниясынын ортосунда жол реконструкциясынын жүрүшүнүн учурунда консультациялык кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөн. 

Бирок келишим КР «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамынын талаптарын бузуу менен түзүлгөн. Жалпы суммасы 16 млн. 284 миң сомго ашыра көрсөтүлгөн.

Муну менен Департамент жана жогоруда көрсөтүлгөн компания мыйзамга каршы иш аракет жасап, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө чыгым алып келген.

Башпрокуратуранын маалымат бөлүмү
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх