Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги дене дүркүрөткөн жол кырсыгы. 20 жаштагы кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат (видео)

Милициядагылар азырынча жабыркагандар  жүргүнчү же айдоочу экендигин билишпейт

Бишкекте эки автоунаа бетме-бет кагышып алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор шаардын ШИИБ жол кыймылын козөмөлдөө башкармалыгынын пресс-кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 6-июлда саат 01:40 Акунбаев жана Чортеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

- Жол кырсыгынын натыйжасында Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасына 1991-жылы туулган жаш өспүрүм Т.Н. жана 1998-жылы туулган Б.Ж. аттуу кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат деп билдиришти милициядан.

Окуянын күбөлөрү кырсык болгон жердеги видеону инстаграм соц тармагына жайылтышкан.



Жабырлануучулар автоунаанын айдоочусу же жүргүнчүсү экендигин Бишкек ШИИБ жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы азырынча билбейт.    

Пресс-кызматы билдиргендей материалдар тергөө органына  өткөрүлүп берилди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх