Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каармандар фильминдей. Күйүп жаткан трактордун айдоочусу аны коопсуз жайга алып чыкты (видео)

КР ӨКМ маалыматы боюнча, өрттү эки саат бою өчүрүштү. Окуя Чүй областында болгон

Чүй областында күйүп жаткан тракторду айдоочу коопсуз жайга алып чыгууга аракет кылган. Окуянын видеосу Instagram соц. тармагында пайда болгон.

Жарыяланган кадрдан трактордун ббардык жактары күйүп жаткандыгын көрүүгө болот. Ага карабастан айдоочу аракетин токтотпойт.

ӨКМ пресс-кызматы Vesti.kg билдиргендей, окуя Октябрское айылында үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда болуп өткөн.    

- ӨКМ билдирүү саат 17:22 келип түшкөн, окуя болгон жерге бир өрт өчүрүүчү жөнөп кеткен. Саат 19:20 өрт толугу менен өчүрүлүп бүткөн, - деп билдиришти мекемеден.

Өрттүн себеби, отко экият менен мамиле кылбагандыктан чыккан. Жыйынтыгында 50 даана  пресстелген чөп жана 6 шина күйүп кеткен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх