«Тазалык» кызматкерлерин урган балдар, эми алардын үстүнөн арызы жазышты
Жаш жигиттер мушташты муниципалдык ишкананын кызматкерлери башташты деп ишендиришет
«Тазалык» МИ кызматкерлерин сабаган балдар эми алрдын өздөрүнө крата арыз жазышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ пресс-кызматы билдирди.
Укук коргоочулардын айтымында, айыпталуучунун бирөө мушташты баштагандар «тазалыкчылар» деп билдирген.
- Бизге арыз түшкөндөн кийин, ыкчам-иликтөө иш аракеттери көрүлүп, алардын бири кармалган, - деп билдирди милициядан.
- Сурамжылаганда, тазалыкчылар өтө турган жолду тороп салышкан жана аларды өткөрбөйбүз дешкен.
Тергөө органдары эки тараптын тең арызын карап жаткандыгы билдирилди.
Эске салсак, мындар мурун эки жаш жигит "Тазалык" кызматкерлерин сабап, бомж деп атагандыктары коомчулукту таң калтырган эле.
Жаңжалдын жыйынтыгында «Тазалыктын» жүк түшүргүчү шаардык №4 клиникалык ооруканага жатып калган.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www