Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Vesti.kg сайтынын редакциясы Улан Эгизбаевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат

Ысык-Көл облусунун ИИБ журналисттин өлүмү тууралуу билдирди

22-июль күнү Ысык-Көл областынын Кара-Ой айылында жайгашкан «Акун» пансионатынын пляжында «Азаттык» радиосунун журналисти Улан Эгизбаев кырсыктан улам каза тапты.  

«Бирок, кээ бир адамдар соцтармактарда Улан Эгизбаевди киши колдуу болду деген туура эмес маалыматтарды таркатып жатышат. Ушуга байланыштуу Ысык-Көл ИИБ билдирет:

22-июлда Ысык-Көл райондук тез жардам станциясынан «Акун» пансионатынын пляжында, азиат көрүнүшүндөгү 20-25 жаштардагы эркек чөгүп кеткендигин билдиришкен. Алдын ала белгилүү болгондой, Улан Эгизбаев аялы А. Сапаргуль менен "Акун"  пансионатында 9-22 илга чейин эс алып жүрүшкөн. Болжол менен саат 11:00 де алар номердин ачкычын тапшырышып, кетээрде дагы бир жолу киринип алууну чечишкен.

Кара-Ой айылынын тургундары 10 жаштагы Ж. Курманбектин жана 14 жаштагы А. Кудайбергендин сөздөрүнө карганда,   алар киринип жатышканда 20 метр ары жакта сууда калкып жүргөн кишини көрүшкөн. Адегенде алар бул киши ойноп жатат го деп ойлошкон. Бирок анын бир кызыктай болуп калкып калганын көргөндө дароо пляждагы чоң кишилерге билдиришкен.

Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну А. Сыргактын айтымында ,  ага эки кичинекей бала келип айткандан кийин, ал жана дагы эки киши болушуп көлгө кирип чөккөн адамды алып чыгышкан. Кийинчерээк жээкке пансионаттын куткаруучусу Т. уулу Бакай жана медайым Ж. Назгүл келишип биринчи медициналык жардам кылышты, жасалма деи алдырышты. Бирок, кеч болуп калган эле. Анын денесин Ысык-Көл райондук оорукананын моргуна алып келишти.

Аздан соң, ооруканага каза болгон адамдын эжеси келди, ал Түп районун Сары-Дөбө айылында жашачу К. Нагуля болчу. Эжеси Бишкектеги соттук-медициналык экспертизага арыз менен кайрылды. Ошондуктан Улан Эгизбаевдин денеси милициянын коштоосу менен Бишкекке жөнөтүлдү.  Бул факт Ысык-Көл раондук ИИБ катталды. «Азаттык» радиосунун журналисти Улан Эгизбаевдин өлүмүн аныктоо үчүн бардык иликтөө иш-чаралары көрүлөт. Иликтөө ички иштер министринин көзөмөлү астында болот», - деп билдирди облусттук ИИБ.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Улан Эгизбаевдин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх