Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Күйөөсүнө бычак менен кол салган Чүй облусунун ИИМБ экс-начальнигинин аялын үйүнө коё беришти

Ал ортодо аялды атайылап денеге жаракат келтирди деп айыпташты

Чүй облусунун ИИМБ мурдагы начальниги Нурлан Сарчаевдин аялын үй камагына чыгарышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин ИИМБ пресс-кызматы билдирди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, тергөө ишти кайра карап чыкты. Мурда (Бейбаштык) 234-берене боюнча кылмыш иши козголгон эле, эми М.Б. «Денеге атайылап жаракат келтирүү» 104-берене боюнча иш козгоп жатышат.

- Бөгөт коюу чарасы Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына алуу менен көрүлдү, - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, 2018-жылдын 17-июлунда Чүй облусунун ИИМБ мурдагы начальниги Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып ооруканага жаткырылган. Кылмышка шектүү деп анын аялы кармалган. Кийинчерээк белгилүү болгондой, жаңжал үйдөгү талаш-тартыштан чыккан. Болжол менен кызганычтын айынан чыккан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх