Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ башчысы өлгөн Бурулайдын атасы менен жоолугушуусу тууралуу: Менин сөзүмө туура эмес түшүнүп алышты

Мекемедегилер кыздын атасы министр менен жоолукпагандыгын билдиришти

Ички иштер Министрлигиндегилер милиция бөлүмүндө өлтүрүлгөн Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиевдин министр менен жоолукпагандыгы тууралуу билдиришти

Мурдараак мекеменин башчысы Кашкар Жунушалиев премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Бурулайдын атасы менен жоолукканын билдирген болчу.

Кийинчерээк бул сөздөрдү Кожоналиев Sputnik басылмасына берген маалыматында жалган деди, министр менен эч кандай жоолугушуу болгон эмес.

ИИМ пресс-кызматы Жунушалиевдин жоолугушуу тууралуу сөзүн туура эмес түшүнүп алышкандыгын айтышты.

-    Кимдир бирөө ага Бурулайдын атасы менен жоолугуштуңузбу? – деп суроо берди, - дейт мекемедегилер. - Ал суроого, жоолугушуу болду деп жооп берген. Андан ары эмне болгону тууралуу эч ким сураган эмес.

Белгилүү болгондой, Бурулайдын атасы жана жактоочулар менен минситрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков жоолугушкан. Ушунун алдында эле ал тийешелүү кызматтарга тергөө адилеттүү болсун деп ташырма берген.

Эске салсак, 19 жаштагы Бурулай Турдали кызы 27-майда Чүй областынын Жайыл райондук ИИБ өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө үйлөнүү максаты менен  кызды алып качкан Марс Бодоевди күнөөлөп жатышат.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх