Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Террористтер Кыргызстанга диверсант жиберишкен. Ал азыр тергөө абагында

Кыргызстандын жараны Сирияда эктремисттер тарабында бир жыл согушуп келип, мекенинде терракт кылганга даярдангандыгын билдиришти УКМК



Эл аралык террористтик уюмдун согушкерин кармашты. Бул туурасында КР улуттук коопсуздук комитети билдирди.

КР УКМК 2018-жылдын 19-июлунда терроризмге каршы иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда, КР аймагына өтүп куралдуу терракт жасаганга аракет кылган эл аралык террористтик уюмдун согушкери КР жараны «Б.М.» кармалды, - деп айтылат билдирүүдө.  

Кармалган адам 2016-жылдан бери эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүмүнүн курамында болгон. Диверсиялык даярдыктан өткөн жана Сириядагы өкмөттүн аскерлерине каршы согуштук иш-аракеттерге активдүү катышкан.

2017-жылы террористтик уюмдун башчысынын көрсөтмөсү менен ал мыйзамсыз Кыргызстанга келип, Сириянын согуштук аракеттерине катышкандардын жашыруун террористтик ячейкасын түзмөк болот. Анын максаты ок атуучу курал жана жарылуучу заттардын жардамы менен «куралдуу жихад» кылуу болгон.
КР УКМК тергөө органдары кылмыштын белгилери боюнча 224-4 берене 1 б. менен (КР жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы согуштук аракеттерге катышуусу же экстремисттик даярдыктан өтүү) жана 299-1 3 б. (улуттук, расалык, диндик жана аймактык кастыкты козутууга болгон уюшкан иш-аракет) беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Кармалган киши УКМК тергөө абагына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

КР УКМК пресс-кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх