Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК дагы бир терррористти кармады

Сириядан кайткан кыргызстандык мекенинде терракт уюштурууну көздөгөн

Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери издөөдө жүргөн Кыргыз жаранын кармашты. Бул туурасында мекеменин пресс-кызматы билдирди.

«2018-жылы 21-июлда КР УКМК контртеррористтик жана ыкчам-иликтөө иш чараларынын алкагында издөөдө жүргөн, террордук иш аракеттерге тийешеси бар 1997 ж. т.  КР жараны  Ш. Ш. кармалды», - деп айтылат билдирүүдө.  

Кармалган Ш.Ш. согуштук-диверсиялык даярдыктан өткөн жана жанкечтиликтин атайын курсун бүткөн. Ошондой эле Сириядагы согуштук аракеттерде өкмөттүк аскерлерге каршы согуштук аракеттерде активдүү катышкан.



Эл аралык террордук уюмдун башчысынын көрсөтмөсү менен ал Кыргызстанга келип террордук акт уюштурмак болгон.

КР УКМК тергөө органдары кылмыштын белгилери боюнча КР КЖК 226-4 беренесинин 1б. жана  299-1 3б менен кылмыш ишин козгошту.  

Кармалган кишини КР УКМК тергөө абагына киргизишти.  Тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, кечээ Vesti.kg сайтына 2018-жылдын 19-июлунда КР жараны Б.М. кармалджы деп билдиришкен эле.

КР УКМК пресс-кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх