Жүргүнчүлөр автобусундагы жол кырсыгы: саламаттык сактоо Министрлиги жабыркаган 16 адам тууралуу билдирди
Бешөөнү ооруканага жаткырып, калгандарын үйлөрүнө жиберишти
Жүргүунчүлөрдү ташыган №38 автобус менен Toyota Aristo автоунаасынын кагылышуусу Бишкектин Курманалиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жыйынтыгында кагылышуудан 16 адам жабыркаган. Бул туурасында Vesti.kg  сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.
- Бирөөнү травматология борборуна жөнөттүк, калган төртөө баштары чайкалып Чүй облусттук ооруканасында жатышат.  Баарынын акыбалдары орточо, калгандарын үйлөрүнө кетүүгө уруксат бердик, - дешти мекемедегилер. 
ОЖККБ пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. 
- Кагышуу кесилиште Toyota Aristo бурулуп жатканда  болгон. Бардык материалдарды тергөө органына өткөрүп беришти, - деп билдиришти милициядагылар. 
Зулайка Эркимбаева 
Сүрөт www 
