Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол тандабастарды айдап көйрөңдөнүү: Арты менен алдыга айдаган айдоочуларды кантип жазалашат? (видео)

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, аларга айып пул салынат

Кортеждеги бир нече автоунаа каршы тилкеге чыгып арты менен алдыга карай кетип баратканын  Instagram соц тармагына жарандык активист Максим Золотых жарыя кылды.

Тасмадан бир канча жол эрежесин бузууну байкоого болот. Анын үстүнө жолтандабастар арты менен алдыга көздөй кетип баратышкандыгы аз келгинсип,  каршы тилкега чыгып алышкан. Ал эми машиналардын биринин чатырында эскертүү жарыгын берүүчү аппарат орнотулган.



Белгилей кетчү нерсе, 5 транспорт каражатынан ашык кортежди уюштурууга тыюу салынган. Ал эми видеодон 7 машинаны байкоого болот.

ИИМ ГУВБДД пресс-катчысы Нурбек Токтосуновдун  Vesti.kg сайтына айтып берүүсү боюнча, видео Кыргызстандын түштүгүндө тартылган.

- Биз бул видеоматериалды Ош шаарынын жана Ош областынын УОБДД жибердик.  Жол эрежесин бузгандар КР КЖК 240-беренесинин 1б. ( Автабейбаштык) менен кылмыш иши козголот. Башкача айтканда 30 дан 50 чейинки өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салынат, - деп түшүндүрдү Токтосунов.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх