Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Талибан» террордук тобунун мүчөсүн Баткен облусунан кармашты

Ал максатташтарына кошулуу үчүн Афганистанга өтүп кетүүгө аракет жасаган

«Талибан» террордук уюмунун мүчөсүн Баткен облусунан кармап алышты. Бул туурасында КР ички иштер Министрлигинин пресс-кызматы билдирет

«2018-жылы 15-июлда экстремизмге каршы жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматы тарабынан Өзбекстандын жараны Баткен облусунан кармалды», - деп айтылат билдирүүдө.  

Кармалган адам кыргызстан жана Тажикстан аркылуу Афганистанга өтүп, ал жерден диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн соң, Сириядагы өкмөттүк аскерлерге  каршы согуштук аракеттерге катышууну көздөгөндүгүн мойнуна алды.

«Өзбекстандын жараны О.П. Баткен облусунан кармап тинткен учурда, анын жанынан  электрондук маалымат топтоогуч, арап тилиндеги адабият, жылуу кийимдер, шам чырак жана тамак аштын кору табылган», - деп кошумчалады ИИМден.

Чогултулган материалдарды Баткендин УКМК өткөрүп беришти.

КР ИИМ пресс-кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх