Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жети-Өгүздө өспүрүм 6 жашар кызды зордуктап койгон

Укук коргоочулардын сөзү боюнча, ал жаш кызды алдап үйүнө алып келген

Ысык-Көл областында алты жаштагы кызды зордуктаган. Кылмышка 16 жаштагы кошунасы шектелүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ пресс-катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-июлунда Жети-Өгүз районунда болгон. Укук коргоочулардын алдын ала билдирген маалыматына карганда шектүү наристе кызды өзүнүн үйүнүн бөлмөлөрүнүн биринде зордуктаган.

- Кылмыш саат 14:30 менен 15:00 аралыгында болгон. Милицияга арыз саат 20:00 түшкөн, - дейт Усубакунов. - Шектүү үйүнө алдап алып келгендиги белгилүү болду.

Азыр жабырлануучу апасы экөө райондук ооруканага жаткырылды.

- Алгачкы гинекологиялык текшерүүдө наристенин кыздык чел кабыгына доо кеткендиги билинген, - деп билдиришти милициядан.

Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. КР КК 129-беренесинин 4 б. «Зордуктоо» менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу тергөө абагына киргизилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх