Подмосковьедеги массалык мушташтын айынан Кыргызстандын жараны көз жумду
Активисттин маалыматы боюнча, мушташтын катышуучуларын кармашты
Подмосковьедеги массалык мушташта 19 жаштагы Кыргызстандын жараны көз жумду. Бул туурасында фейсбук соц. тармагынан жарандык активист Улан Кошматов билдирди.
Мушташ 2018-жылдын 28-июлунда Люберцыда болгон.
Кошматовдун маалыматы боюнча, Өзбекстандын жана Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы мушташтын айынан Ош областынын тургуну Айбек Алмазбек уулу каза болду.
- Анын денеси азыр өлүкканада, мушташтын бардык катышуучуларын полиция кармады, - деп жазат активист.
- Каза болгонду мекенине жөнөткөнгө уруксат кагаздарын иликтөө иштери бүткөндө беришет.
Ал арада Кыргызстандын Москвалагы элчилиги бул маалыматты текшерип жатабыз деп Vesti.kg сайтына жооп беришти.
- Кызматкерлер окуя болгон жерге жөнөп кетишти, азырынча расмий тактоолор жок, - деп маалымдашты андагылар.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Окшош макалалар
- Евробиримдиктин башчысы Шарль Мишель Кыргызстанга расмий сапар менен келет
- Кыргызстандын Казакстанга жасаган экспорту 62%га өстү
- "Батуми" кафесин буздурган Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылды
- Кыргыз-кытай биргелешкен сериал тартылат. Бюджети 38 миллион доллар
- Данияр Амангелдиев: “Мамлекеттик сапар Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгып жатканын көрсөттү”