Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Көлдө эс алып жүргөн бирөө 83 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет жасаган

Кылмышка шектүүнүн үй бүлөсү жана беш баласы бар

Ысык-Көл облусуна эс алганы келген адам 83 жаштагы кемпирди зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ пресс-кызматы билдирди.

Пресс-катчы Сталбек Усубакуновдун маалыматы боюнча, шектүү адам жабырлануучудан бөлмөнү ижарага алган.  

- 50 жаштагы Ош областынын тургуну Тамчы айылына эс алууга келип, бир бөлмөнү ижарага алган, - дейт ал. - 83 жаштагы кемпирди зордуктады деген арыз менен анын келини кайрылган. Анын айтымында, ал бөлмөгө кирип келгенде киши кемпирдин үстүндө жаткан.

Кылмышка шектүү бул ишке спирт ичимдигин ичип алып барган деп билдиришет.

- Окуя ушул жылдын 26-июлунда болуп өткөн, - дейт Усубакунов. - Кемпирдин туугандары шектүү кишини сабап, андан соң милицияга тапшырышкан. Зордуктоонун болгондугу тууралуу азырынча маалымат жок, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат.

Зордуктоого аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Эркекти Ысык-Көл районунун ИВСне киргизишти.

Милициядагылар шектүү адам үй бүлөлүү, беш баласы бар экендигин кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх