Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК кандай жол менен коррупциялык акчаларды өндурөт?

Аталган мекеменин башчысынын мурдагы орун басарынын айтуусунда мамлекет бул каражаттарды колдоно  алгандай  соттун чечими керек

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 129 млн 600 миң сом тегерегинде Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин  атайын ачылган “коррупциядан түшкөн депозиттик эсепке которду.  Бул туурасында УКМК расмий маалымдады.   

УКМК өндургөн финансылык каражаттар кантип ишке ашат жана атайын эсепке которуу фактысы эмнени түшүндурөт?  Vesti.kg берген суроолорго УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары , генерал-майор Марат Иманкулов  жооп берди.

Анын айтуусунда  каражатты өндүрүүнүн бирден- бир жолу бул мүлккө коюлган камак болуп эсептелет.

- Айталы, камакка алынган мүлктөрдүн арасында тез аранын ичинде сатыла турган  товардык-материалдык баалуулуктар болушу ыктымал, мисалы ошол эле тез бузулуп кете турган  продукциялар болушу мумкун. Анда УКМК салыкчылар же башка тиешелүү органдар  менен аталган товардын сатылышы боюнча  биргеликте комиссия түзот.  Муну менен  декларацияда жазылгандай эмес,  сөзсүз түрдө ал базар баасы менен сатылышы зарыл.  

УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары жеке практикасындагы бир топ мисалдар менен бөлүштү:

 - УКМКда иштеп жүргөн мезгилде ушундай учурлар  болгон. Биз декларацияда базардын баасынан төмөн көрсөтүлгөн товарларды  3,4 эсе жогору саткан учурлар болгон,- деп улантты  Иманкулов.  Бул каражаттарды биз атайын эсепке которгонбуз. Өкмөттүн токтомуна ылайык 20 % биздин эсепте калтырылчу. Бул болсо мекеменин материалдык-техникалык базаларын камсыздоого, кызматкерлерди акчалай сыйлоого тактап айтканда аларга дем бергенге жумшалчу. Бир гана шарт-  бул каражаттар сот аркылуу ишке ашырылчу. Мындайча айтканда сот аталган мүлктү конфискациялоо боюнча чечим  чыгарып бериши керек.

Мына ушундай себеп менен дейт эксперт, бүгүнкү күндө каржы министрлигинин депозиттик эсебине  УКМК которуп жаткан  финансылык каражаттарды мамлекет пайдалана албайт. 

- Алар болсо бул каражаттар бюджетке түшуп жаткандай  маалымат беришүүдө,- деп белгиледи Марат Муканович. А бирок ал боюнча соттун конфискация туурасында чечими болушу керек да.  А бул өтө узак процесс. Алгач тергөө аякташы зарыл, анан сот, өкүмгө карата доо арыз жана башкалар болуп узак процессти талап кылат. Качан гана өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде гана аны мамлекеттик бюджетке  түшүп жатат дегенди айтсак болот. Азырынча бул акчалардын тагдыры белгисиз. А балким сот бул каражаттарды кожоюна кайтарып берүү боюнча чечим чыгарып коюушу да ыктымал.

Бакыт Стамов

сурот www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх