Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маршрутканын катышуусундагы коркунучтуу жол кырсыгы. Милиция жабыркаган 10 киши тууралуу билдирет (видео)

Жол кырсыгы Бишкек-Торугарт автожолунда болгон. Эки автоунаанын айдоочулары тең соо болушкан

Нарын облусунда жүргүнчүлөрдүн микроавтобусу жол кырсыгына кабылды.  «Subaru Forester» автоунаасы менен кагылышуунун натыйжасында маршрутка капталдап жатып калган. Он жабыр тарткан адам тууралуу билдиришти.



Окуянын чоо жайын Vesti.kg сайтына КРИИМ ГУОБДД пресс-катчысы Нурбек Токтосунов айтып берди:

- Авария болжол менен саат 16:00 чамасында, Бишкек-Торугарт автожолунун 345 километринде болгон, - деп маалымдайт ал. - Кагышуунун натыйжасында 4 кишинин ар жерлери сынган, 6 кишини ооруканага жаткырышкан. 7 киши дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө жиберилди.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, «Subaru Forester» жана маршрутканын айдоочулары наркологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүштү. Анализдин жыйынтыктары алардын соо экендиктерин тастыктады.

- Жол кырсыгынын себебин аныктоо үчүн тийешелүү экспертиза дайындалды. Иликтөө жүрүп жатат, - деп аяктады ИИМ ГУОБДД пресс-катчысы.  

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх