Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мерседес» айдаган бейбаш МАИ кызматкерин капотко жаткырып алып айдаган (видео)

Ал киши качып кетүүнү көздөгөн, анткенин анын айдоочулук күбөлүгү болгон эмес

Жалалабат шаарынын борборунда «Мерседес» айдаган киши МАИ кызматкерин капотко жаткырып алып айдаган. Бул тууралуу жарандык активист Болот Ибрагимов  Instagram да  билдирген.

Ошондой эле активист окуянын видеосун жарыя кылды.



Vesti.kg сайты Жалалабат облусунун УОБДД комментарий үчүн кайрылды. Мекемедегилер окуя 2018-жылдын 4-августунда болгондугун айтышты.

-  Инспектор машинаны токтоткондо айдоочунун айдоочулук күбөлүгү болгон эмес, - деп түшүндүрдү милиция. Эреже бузган киши качып кетейин деген. Бул факт боюнча протокол түзүлүп, жоопкерчиликке тартышат.
Эреже бузгандын автоунаасын айып аянтчасына койдурушту.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх