Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын жараны каза болду, Франциянын туристтери Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан жабыркашты

Автоаварияга 4 машина катышкан

Ысык-Көл облусунун Ананьево кыштагында 4 машина катышкан жол кырсыгы болду. Жыйынтыгында бир автоунаанын айдоочусу каза болду, жабырланган алтоону ооруканага жаткырышты.

Жол-транспорт кырсыгынын чоо жайын толугу менен Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ пресс-катчысы Сталбек Усубакунов айтып берди.

- Жол кырсыгы кечээ болжол менен саат 13:00 чамасында болгон, - деп билдирди ал. - «Хонда Степвагон» маркасындагы автомобиль каршы тилкеге чыгып «Жигули» менен кагышты. Ошол учурда арттан келе жаткан эки машина кагышуудан качып чукул бурулуп барып бири тосмону сүзүп, экинчиси жолдон чыгып кетти.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жабыр тарткандардын арасында жашы жетпеген бирөө жана Франциянын эки жараны бар.

- Баары болуп жараат алгандар 6 адам, алардин бирөө жаш бала, экөө болсо Франциянын жарандары.  «Жигулинин» айдоочусу каза болуп калды, - деп бүтүрдү Усубакунов.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх