Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик кыз терезеден секирди. Аны өң тааныш бирөө зордуктагысы келген

Кыздын омурткасы сынып, ооруканага жаткырылды

Бишкекте 18 жаштагы кыз мейманкананын үчүнчү кабатынан секирип жиберди. Ал зөөкүрдөн качкан болчу. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ пресс-кызматы билдирди.

Милиционерлердин маалыматы боюнча, кызды омурткасы сынган тейде ооруканага жеткиришкен.

- Зордуктоо аракети тууралуу арыз түштү, - деп билдиришти ИИМБ. - Жабырлануучунун айтымында, ал ошол кечте кафеден эркек менен таанышкан. Андан кийин алар мейманканага барышкан, ошол жерден бул окуя чыгып отурат. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жергиликтүү ММК маалыматы боюнча, ал кыз Евразиянын панкратион боюнча чемпиону Улан Эралиевди зордуктоого айыптап жатат. Милициядагылар бул маалыматты тастыкташкан жок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх