Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Солдаттарды урган үч аскердик командир кызматтарынан четтетилди

Офицерлерге карата кылмыш иши козголду

Солдаттарды урган аскердик бөлүктүн үч командирин кызматтарынан четтетишти. Аскер кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголду.

Бул туурасында Vesti.kg сайтына КР Башкы штабынан билдиришти.

- Бул факт боюнча Аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоду, тергөө жүрүп жатат, - деп маалымдашты мекемедегилер.

Ээлеген кызматынан старшина Орозбаев, прапорщик Жапаров жана ага лейтанат Казыбек уулу бошотулушту.

Мурда АК «Кылым шамынын» укук коргочулары
«Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан үч аскер аларга жардым сурап кайрылышканын билдирген. Катардагы жоокерлердин айтымында, аскердик бөлүктүн офицерлери аларды кордоп, сабашкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх