Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта бир кишини таанышын зордуктап салган деп шектенип жатышат

Шектүү кармалып, ИВСке киргизилди

Талас облусунун Кызыл-Суу айылынын тургуну таанышын зордуктаганга шектелип жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аймактын ИИБ айтып беришти.

38 жаштагы Жон-арык айылынын тургуну аны зордуктап салганы үчүн милицияга арыз менен кайрылды. Анын айтымында, бул окуя ошол күнү эртең менен болгон.

- Кылмыш 7-август күнү болгон, - деп билдиришти милициядан. - Жабырлануучунун сөзү боюнча, саат 11:00  анын 1981-жылы туулган, Кызыл-Суу айлылында жашаган таанышы аны өз үйүндө күч колдонуп зордуктаган.

Бул факт боюнча КР КК 130-беренеси менен кылмыш иши козголду (Сексуалдык өңүттө күч колдонуу).
Шектүү ИВСке киргизилди.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх