Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исанов көчөсүндөгү жарылуудан жабыркаган адам ооруканадан баш тартты

Дарыгерлер ага «Жамбашына жана колдун манжаларына бөтөн заттар кирип кеткен» деген диагноз койду

Жабыр тарткан киши ооруканадан баш тартып үйүнө кетип калды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлигинин пресс-кызматы билдирди.

Пресс-катчы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, медиктер ага биринчи жардам көрсөтүшкөн.

- Ал кишиге «жамбашына жана колдун манжаларына бөтөн заттар кирип кеткен» деген диагноз коюшкан. Биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү, бирок ал ооруканага жатуудан баш тартып үйүнө кетип калды, - деп маалымдады ал.

Эске сала кетсек, бүгүн саат 11:28 чак түштө Исанов көчөсүндө жарылуу болду. Окуя болгон жер курчоого алынды, ал жерде УКМК жана милиция кызматкерлери иштеп жатышты.

Кээ бир маалыматтар боюнча, россиялык ишкерге кол салуу болгон дешүүдө. Бирок Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ бул маалыматты тактап бере алган жок. Эмненин жарылганы да белгисиз. Толугураак кийин маалымдашат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх