Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абатта "гаишникти" сүзүп кеткен мас айдоочуну кармашты

38 жаштагы айдоочуга кылмыш ишин козгошту

Жалал-абатта мас айдоочу жол милициясын сүзүп кетти. Бул тууларуу Vesti.kg сайтына жол кыймылынын коопсуздугунун Башкы башкармалыгшынын пресс-кызматынын ага инспектору Тилек Оторов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, айдоочуга карата кылмыш иши козголгон.

- Жол кырсыгы 9-августта болгон, - дейт Оторов. - Жалал-Абат облусу боюнча ООБДД инспектору кызмат өтөө учурунда шектүү автонааны байкаган. Кызматкер автоунааны токтотуп , жакындап келгенде, тиги газды басып, милицияны урдуруп кеткен.

Сүзгөндөн кийин «Opel Astra» айдоочусу качып кеткен. Кийинчерээк аны кармап ИВСке киргизишкен. Сузак районунун тургуну 38 жаштагы Т.С. мас абалында болгон.

- Бул факт боюнча 341 берененин 1 б. менен кылмыш иши козголду «Бийликтин өкүлүнө күч колдонуу» , - деп маалымдады инспектор.

Ал ортодо, аймактын ИИБ пресс-кызматы Vesti.kg сайтына билдиргендей ООБДД кызматкерин алган жараатына байланыштуу ооруканага жаткырышкан, бирок азыркы күндө ал айыгып чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх