Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскерлерди урган аскердик бөлүктүн командирлерин кармашты

Бүгүн аскер кызматкерлерине бөгөт коюу чарасын көрүшөт

Аскерлерди урган аскердик бөлүктүн командирлерин кармашты. бул туурасында Vesti.kg сайтына укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аскер кызматкерлерин 2018-жылдын 13-августунда кармашкан.

- Расмий айып тагылды, бүгүн саат 16:00 кийин биринчи май райондук сотунда отурум болот. Ал жерде бөгөт коюу чарасы каралат, - деп билдирди Абдирасулова.

Эске сала кетсек, мурда Vesti.kg сайтына 73809 аскердик бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда үч аскерди  старшина Орозбаев, прапорщик Жапаров жана ага лейтенант Казыбек уулу дайыма уруп, кордошоорун билдиришкен эле.  

Аскер прокуратурасы бул факт боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх