Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

5-кабаттын терезесинен баланы сунган кишини табышты. Ал баланы ошентип соороткон

Укук коргоочулар баланын ата-энеси менен кырсыктын алдын алуу максатында маек кылышты

Милиционерлер 5-кабаттын терезесинен колуна баланы кармап алып чыгарып ары-бери терметкен кишинин өздүгүн такташты. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Бишкек ИИМБ пресс-катчысы Адыл Оморов билдирди.

Анын айтымында, баланы атасы ушинтип сооротуп жаткан. Апасы болсо ошол учурда үйдө болгон.

- Видеодогу киши 1973-жылы туулган И.Д. болуп чыкты, - деп жооп берди ал. Ал үй бүлө Герцен көчөсүндө убактылуу жашайт. Киши электрик болуп иштейт экен, баласы 5 айлык. Ата-энси менен түшүндүрүү маегин кылышты, материалдарды болсо Свердлов райадминистрациясына балдар иши боюнча комиссияга өткөрүп беришти.

Эске салсак, кечээ тармак колдонуучулар баласын 5-кабаттын терезесинен чыгарып алып терметип аткан таң калыштуу видеону таркатышкан эле. Анын сергек кошуналары бул коркунучтуу оюнду милицияга кабарлашкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх