Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте маршрутканын айдоочусу жолдо баратып порно көргөн (видео)

Эки суткадан бери укук коргоочулар чоңдор үчүн филмди көргөн айдоочуну таппай жатышат, анткени машинанын мамлекеттик номери көрсөтүлгөн эмес

Бишкекте маршрутка айдап баратып порно көргөн айдоочунун өздүгү тактала элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор шаардын УОБДД пресс-кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, айдоочуну табыш оңойго турбайт, анткени күбөлөр мамномерди тарткан эмес.

- Азыр укук коргоочулар транспорттук компаниянын бригадири жана директору менен иштешип жатышат. Биз эки суткадан бери издеп жүрөбүз. Айдоочунун өздүгүн тактоо үчүн виделго тарткан күбө аны таанышы керек, - деп маалымдады милициядан.

Белгилей кетсек, кечээ «Sputnik» МА видео таркатты, тасмада №100 маршрутканын айдоочусу жолдо баратып порно көргөндүгү тартылган.

Таң калыштуусу айдоочуну айланасындагы балдар жана башка кишилер да кызыктырган эмес.

Эми айдоочуга 200 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө туура келет.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх