Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Альянс Курулуш» компаниясынын директорун СИЗО-1 эки айга киргизишти

Бишкек ИИБнан Максим Альяновго козголдгон кылмыш ишинин чоо жайын түшүндүрүштү

«Альянс Курулуш» компаниясынын директору Максим Альяновду кармап, 2 айга СИЗОго киригишти. Бул тууралуу Бишкек ИИБ пресс-кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, Октябрь райондук ИИБна бул жеке компаниянын жетекчисине карата борбор шаардын жашоочулары арызданышкан.

«Жабырлануучулардын бирөө өз арызында үй алам деп 34 миң долларга келишим түзүлгөн соң, ишкананын жетекчиси ал үйдү үчүнчү бирөөгө сатып жиберген. Андан башка дагы бир жабыр таркан бирөө компания 31 миң доллар алып өзүнүн келишимин аткарган жок деп кайрылган».

Бул факт боюнчаКР КК 166 беренеси боюнча кылмыш иши козголду (алдамчылык).
Компаниянын башчысына айып тагылды. Октябрь райсотунун чечими менен баш коргоо чарасы 2 айга СИЗО-1 камакка алуу менен көрүлдү.

Андан сырткары, Альяновдун мурда соттолгондугу белгилүү болду. КР КК 353-беренеси боюнча кылмыш жообуна тартылган.

Учурда кылмыш ишин иликтөө жүрүп жатат.

Эгер силер да аталган жарандан жабыр тартсаңар бул тууралуу Октябрь райондук СКМ ИИБ төмөнкү телефондор боюнча кайрылсын: 0551 102 106, 0551 60 30 30, 0553 88 88 85 или по номеру «102».

Бишкек ИИБ пресс-кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх