Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте маршрутканын айдоочусу 11 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кеткен

Кээ бир маалыматтарга караганда, айдоочу баланы дароо эле байкаган эмес, кийинки аялдамага жеткенде гана токтогон

Бишкектин №281 маршруткасынын айдоочусу 11- жашар баланы жөө адамдар өтчү жерден сүзүп кеткен. Кырсык Тимур Фрунзе жана гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул туурасында Vesti.kg сайтына борбор калаабыздын жол кыймылын уюштурууну көзөмөлдөө башкармалыгынын пресс-кызматы билдирди.

- Баланы дароо ооруканага жеткиришти, бирок, тилекке каршы ал каза болуп калды. Маршрутканын айдоочусу кармалды, - деп маалымдады мекемедегилер.
ММКлардын маалыматы боюнча, айдоочу жолдон өтүп бараткан баланы байкаган эмес. Андан сырткары, ал сүзгөндөн соң кийинки аялдамага гана барып араң токтогон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх