Кыргызстандын түштүгүндө жер термелүү катталды
Жер алдынан 3,5 баллдык силикинүүнү Алай районунун жашоочулары сезишкен
Бүгүн саат 09:49 да Кыргызстанда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирет. 
Анын маалыматы боюнча, 3,5 балдык жер алдындагы силкинүү Ош облусунун Алай районунун Нура айылында жана 2,5 балл Кара-Киндикте байкалган. 
Бузулган, бүлүнгөн нерсе жана курмандыктар катталган жок. 
ӨКМ маалымат кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз