Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскерди ток урду. Анын колун кесип салышты (сүрөт)

Бул иштин материалдары Жалалабат гарнизонунун Аскердик прокуратурасына андан ары иликтөө үчүн берилди

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскеринин аскердик бөлүгүндө аскерди ток урду, анын колун кесип таштоого туура келди. Бул тууралуу КК Башкы штабынын маалымат кызматы билдирет.

Алдын ала белгилүү болгондой, окуя 19-августта болгон. Аскерде кызмат өтөгөн бала суткалык нөөмөт учурунда тыюу салынган белгиге карабастан электр подстанциясынын аймагына кирген.

«Ал кароосуз калган трансорматордун будкасына кирип , ошол жерден токко урунган. Анын эки колу күйгөн абалда Майлуу-Суу оруканасына, андан соң Ошко алып келишкен. Ал жактан аны Бишкекке жиберишкен, а Бишкекте болсо анын колдорун чыканагынан ылдый кесип таштоого туура келген», - деп билдирет мекемедегилер.

Аскер дарыгерлердин такай көзөмөлүндө турат. Бул иш тууралуу материалдар Жалалабат гарнизонунун Аскер прокуратурасына берилди.

КР КК Башкы табынын маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх