Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Диагноз аныкталды. Кара-Кулжада 12 киши сибирь жарасын жуктуруп алышкан

Үчөөнү үйлөрүнө коё беришти, калгандары дарыгердин көзөмөлүндө турушат

Кара-Кулжада 12 кишинин диагнозу «сибирь жарасы» экендиги аныкталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саламаттык сактоо Министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, бешөөнөн лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжасында вирус табышкан, калгандарына болсо клиникалык-эпидемиологиялык анемнездин негизинде диагноз коюшкан.

- Оорулуулардын абалы бүгүнкү күндө канааттандыраарлык деп эсептелет. Үчөөнү үйлөрүнө жиберишти, ал эми калган тогузу дарыгерлердин көзөмөлү астында турушат, - деп билдирди министрликтен. - Адистер малдардан анализге үлгү алып келишти. Анализдери жакшы чыкты.

Эске салсак, өткөн жумада Кара-Кулжада 12 кишини сибир жарасы менен ооруйт деп шектенип ооруканага жаткырышкан.

Эпидемиологдор райондун 7 жашоочусу августта оорулуу уйду сойгонго катышкандыктарын түшүндүрүштү.

Бакыт Стамов
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх