Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскер токко урунган аскердик бөлүктүн командири кызматынан бошотулду

Башкы штабдын начальниги окуяны иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды

30295 аскердик бөлүктүн командири ал бөлүктө аскер токко урулгандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматы билдирди.

«КК Башкы штабынын начальниги Раимберди Дүйшөмбиев аскердик бөлүктөгү окуяны иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды.

Дүйшөмбиев 20-августта 30295 аскердик бөлүгүн кыдырып чыкты, ал жердеги аскерлердин жашоосу, курамы жана кызматтарын текшерди. Офицерлер менен сүйлөшүүлөрдүн учурунда өздүк курамдагы аскерлердин ден соолугуна кам көрүүгө, жашоо шарттарына басым жасады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 30295 аскердик бөлүктүн командири М.Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул окуянын болушуна жол берген бир катар кызмат адамдарына катаал тартиптик жоопкерчиликке тартылышты. Жабырланган аскер кызматкери учурда Бишкектин илим изилдөө борборунун травматология жана ортопедия бөлүмүндө дарыланып жатат», - деп билдиришти мекемедегилер.  

Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты 19-августта 30295 аскердик бөлүгүндө аскер суткалык  нөөмөттүн убагында электр подстанциясынын аймагына кирип кеткен. Ал токко урунуп, колун кесип салууга туура келген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх