Ош областындагы мечиттин ичинде аял менен бала өрттөнүп кетти
Өрттүн себеби азырынча белгисиз
Бүгүн Ош облусунун Гүлбар айылында мечит өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди.
Өрт тууралуу кабар эртең мененки саат 7:15 келип түштү. Өрттү 7:50 өчүрүп бүтүштү.
Мекеменин маалыматы боюнча өрттөн 36 жаштагы аял жана 10 жашар бала каза болгон. Денелери туугандарына берилди.
Өрттүн себеби азырынча аныктала элек.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз