Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат жарандан 80 миң сомду коркутуп алып алган жана ал үчүн жооп берди (видео)

Уятсыз эл өкүлүн тергөө абагына киргизишти

«Каржы полициясы» Ош облусунун Ноокат районунун С.О. аттуу депутатын 50 миң сом пара алып аткан учурда кармаган. Бул тууралуу ЭКККМК маалымат кызматы билдирет.

Мекеменин маалыматы боюнча, бир жаран андан айылдык кеңештин депутаты коркутуп 80 миң сом акча алгандыгы тууралуу арыз жазган. Ал депутат Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Он эки - Бел айыл өкмөтүнүн жер маселеси бонча адис болгон.

«Бул факт боюнча кылмыштын белгилерине карап  КР КК 225 жана 166 беренелер менен кылмыш иши козголду».

17-августта жер боюнча адис К.И. жана айылдык кеңештин депутаты С.О. кызматтык кабинетинде 50 миң сом пара алып жатып кармалышты. 

Кийинчерээк бөгөт коюу чарасы каралып, Ош шаарындагы СИЗОго киргизип камакка алуу менен чара көрүлдү, - деп айтылат ЭКККМК билдирүүсүндө.

ЭКККМК маалымат кызматы
Сүрөт www

 

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх