Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эне күйүткө батты. Токко урунган аскердин экинчи колун да кесип салууга туура келди

КР КК Башкы штабы жабыркаган аскерге Кореядан протез буйрутма кылдыраарын билдирди

Кызмат өтөө учурунда токко урунган аскер Руслан Сапарбаевдин экинчи колун да кесип салууга туура келип жатат. Мындай деген чечимди бүгүн дарыгерлер консилиуму кабыл алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына укук коргоочу Азиза Абдирасулова айтып берди.

- Тажрыйбалуу дарыгерлер катышты, жарааат кабылдап жаткандыктан баары анын ден соолугу үчүн сарсанаа болуп жатышат. Сол колун кесип салуу тууралуу акыркы чечимди кабыл алышты, - деди Абдирасулова.
Мурдагы операцияда оң колун чыканакка чейин кесип салышкан эле. Укук коргоочунун маалыматы боюнча кайрадан операция кылганы жатышат.

- Кабылдоодон улам оң колунун да кайсы бир бөлүктөрүн кесип салууга туура келет. Аскердин апасы болсо күйүткө батты, үй бүлө азыр колдоого муктаж, - деп белгиледи ал.

Бул маалыматты КР КК Башкы штабы тастыктады. Мекеменин маалымат катчысы Гүлзат Жарашева Vesti.kg сайтына жабыркаган аскерге Кореядан протез алдыраарын айтып берди.

- Тилекке каршы динамика өтө жаман. Эртең аны сол колунун манжаларын кесип салышат. Ал эми протез боюнча келишим бар, бирок бул өтө узакка созулган процесс. Адегенде аны операциядан кийин калыбына келтириш керек, бардык жарааттарын айыктыруу керек жана андан кийин гана протез кадоо тууралуу маселе турат, - деп маалымдады ал.

Эске салсак, аскердеги руслан Сапарбаев Майлуу-Суудагы аскердик бөлүктө токко урунган. Ал электр подстанциясы турган аймакка тыюу салынган белгиге карабай кирип кеткендиги билдирилген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх