Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат айылдашына бычак менен кол салдыбы? Жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

«Өлтүрүү максатында кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Бирок милиция бир катар кыйынчылыктарга дуушар болду

Токмок шаардык кеңешинин депутатынан бычак жеген 36 жаштагы киши милицияга арыз жазуудан баш тартты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ШИИБнан билдиришти.

Белгилүү болгондой, окуя тууралуу милицияга медиктер билдиришкен.

- Үстүбүздөгү жылдын 26-августунда аймактык оорукананын дарыгери Токмок шаардык ИИБне бычактан жаракат алган киши тууралуу билдирген. - Жетип келген ыкчам-иликтөө тобу жабырланган адам мал базарда ошол күнү саат 7-8 чамасында бычак жегендигин аныкташты.
Жабырлануучу Талант Жамангулов жергиликтүү ММКларга аны шаар кеңешинин депутаты Тынай Жансеитов бычактап салгандыгын айткан.  

Ошондой эле аны бычактаган депутаттын тууганы Токмок шаардык ИИБ башчысы экендигин кошумчалаган.

- Тергөөчүлөр жабырлануучу менен маектешти, бирок ал арыз жазуудан баш тартууда. Андан сырткары ал ким ага кол салгандыгын айтпай жатат, - деди милиция. - Токмок шаардык ИИБ башчысынын депутатка тууган деген маалымат калп экен.  Ал экөөнүн эч кандай байланышы жок.

Бул факт боюнча «Өлтүрүү максатында кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

- Учурда зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалды. Азыр тергөөчүлөр кол салган кишинин депутат экендигин текшерип жатышат, - деп аяктады Чүй облусунун ШИИБи.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх