Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЦУМда 45 жаштагы киши каза болду. Себебин эртең иликтешет

Өлүмдүн алдын ала себептерин дарыгерлер азырынча айтышпайт

Борбор калаадагы «Айчүрөк» соода борборунда өзгөчө кырдаал болду. 45 жаштагы киши өзүн жаман сезип, жыйынтыгында каза болуп калды.

Окуя ЦУМдун жер-кабатында болгон.

Саламаттык сактоо Министрлигинен Vesti.kg сайтына билдиргендей, денени экспертизага жөнөтүштү. Өлүмдүн алдын ала себептери али белгисиз.

- Тез жардамга болгон чакыруу саат 11:09 болгон, - деп такташты КР саламаттык сактоо Министрлигинен. - Дарыгерлер келген кезде кишинин денеси жансыз болчу. Денени эртең союп изилдешет, азырынча себеби белгисиз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www


Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх