Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аялды өлтүрө сүзүп кеткен россиялык аскерди кармай алышпайт, анткени анын иммунитети бар экен

Милиция кылмыш ишин козгоду, бирок эл аралык укуктун нормалары кырсыкка күнөөлүү адамга өзгөчө макам жана артыкчылыктарды ыйгарат

Россиялык «Кант» авиабазасындагы аскер кызматкери кармалган жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ШИИБ маалымат кызматы билдирди.       

Жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголду, бирок айыптуу дагы эле эркиндикте жүрөт, анткени анын элчилик макамы бар экен деп билдиришти милициядан.        

- Үстүбүздөгү жылдын 27-августунда, саат 00:25 чамасында 29 жаштагы Орусиянын жараны Жеңиш проспекти менен Лебединовка айылын көздөй автоунаа менен баратып, жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөн эки адамды сүзүп кеткен. Бул факт боюнча 281-берене менен ( транспорт каражаттарын колдонуу жана айдоо коопсуздугун бузуу) кылмыш иши козголду, - деп тактады ШИИБ.

Жакын арада иш Чүй облусттук прокура турасына берилет жана андан ары Башкы прокуратурага өткөрүлөри маалымдалды.

- Бул дипломаттык мамилелер тууралуу Вена конвенциясына ылайык аларга артыкчылык жана иммунитет берилгендигине байланыштуу. Ишти тийешелүү органдар карашат. Биз аны кармаганга укугубуз бар, - деп кошумчалады облустук ШИИБ.

Учурда жол кырсыгынын схемасы түзүлүп жана зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, Жол-транспорт кырсыгы 27-август түнү болгон. Орусиялык аскер 42 жаштагы аял менен 3 жашар баланы сүзүп кеткен. Энеси ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Уулун болсо Бишкектин 3-балдар ооруканасына жаткырышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх