Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эки жөө кишини сүзүп кетти. "Мерседесте" МАИчи болгон (видео)

Жабыркоочуларга амбулаториялык дарылоо дайындалды

Чүй облусунун Озерное айылында «Мерседес» эки жөө кишини уруп кеткен. Бул тууралуу Instagram соцтармагында окуянын күбөлөрү айтып беришти.

Автоунаанын ичинен жол милициясынын кызматтык кийими, ала таяк, протоколдор, жана ошондой эле жол эрежесин бузгандар айып пул төлөөчү POS-терминал табылган.



Күбөлөр окуя болгон жердеги видеону дароо эле Соцтармакка чыгарышты. Айрым күбөлөрдүн айтуусунда милициянын кызматкерлери жөө кишилерди уруп кеткендигин айтышты.

Чүй облусунун УОБДДсы бул окуя тууралуу маалыматты тастыкташты, бирок сүзүп кеткен жарандык айдоочу экендигин белгилешти.

- Жол кырсыгы 27-августта кечкурун болду, Бишкек ГУВД УОБДД кызматкери жүргүнчү отурган отургучта отурган, - деп түшүндүрүштү. Учурда бул окуя териштирилип жатат.
Мекеменин маалымат кызматы жөө адамдар бир аз эле травма алышкандыгын кошумчалады.

- Алар ооруканага жеткирилди, бирок дарыгерлер аларга амбулаториялык дарылоону сунуштады, - деп маалымдашты милициядан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх