Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЦУМдагы өлүм. Кылмышка шектүү сатуучу кармалды (видео)

25-жаштагы кишини уруп өлтүргөн жигит ИВСке киргизилди

Тармакта «Айчүрөк» соода борборундагы 45 жаштагы Бишкектин тургуну каза болгон окуянын видеосу таркады.

Жарыя болгон тасмадан сатуучунун үстөлдү айланып өтүп келип кишини бир нече жолу урганда, анын кулап түшкөндүгүн көрүүгө болот. Окуянын күбөлөрү жабырлануучуну эсине келтирүүгө аракет кылышты, бирок натыйжа болгон жок.

{youtube}fMVPoAf7txM{/youtube}

Бишкек ШИИБ  Vesti.kg сайтына билдиргендей кылмышка шектүү кармалып, ИВСке киргизилди.

- Ыкчам-иликтөө иш чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Б.уулуТ. 1993-жылы туулган. Тергөө башталды, - деп маалымдады милициядан.

Эске сала кетсек, окуя 28-августта болгон.

Мурда Vesti.kg сайты соттук медициналык экспертиза анын денесинде шишиктер бар экендигин аныктагандыгын жазган.

Бул факт боюнча КР КК «Денеге өлүмгө алып келүүчү жаракат келтирүү»  беренеси менен кылмыш иши козголду.

Зулайка Эркимбаева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх