Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Орусия тарап аялды сүзүп кеткен аскер кызматкерин жакшы ой менен гана бериши мүмкүн»

«Кант» авиабазасынын жетекчилигинин маалыматы боюнча жол кырсыгынын күнөөкөрү аскер бөлүгүнүн аймагында камакта турат

Кыргыз тарап РФ өкүлчүлүгүнө «Кант» авиабазасындагы россиялык аскер кызматкеринин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына күнөөлүү экендиги тууралуу нота жолдоду.

Кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова РФ Кыргыз Республикасындагы ишенимдүү адамы Вадим Чекмазов жана «Кант» авиабазасынын башчысы Янкин менен жоолугушту.

КР ТИМнин орун басары жоолугушуунун жүрүшүндө жөө адамды сүзүп өлтүргөн аскер кызматкерин Кыргызстандын тийешелүү органдарынын тергөө иш чараларына берүү талабы менен нота тапшырды.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы орусиялык авиабазанын аскер кызматкерлеринин элчилик иммунитети бар, ушул себептүү жол кырсыгына күнөөлүүнү соттоп жана камаганга мүмкүн болбойт.

Саясат таануучу, мурдагы элчи Марс Сариев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде алар аскер кызматкерин бериши мүмкүн, бирок жакшы гана ой менен деди.

- Алардын иммунитети бар жана мындай учурда муну колдонушуп өзүнүн жаранын тергөө ишинен чыгарып кетишет. Башка жагынан алып караганда, эгерде орус тарап иликтөөгө макул болсо, анда бул алардын кең пейилчилиги болот, - деп ой жүгүртөт. - Бирок башка да кырдаал бар, соттук чечимди ишке ашыруу камай албагандай эле мүмкүн эмес.

Ошону менен бирге эле Марс Осмонкулович иммунитет мисалы үчүн орус аскери мас абалда ролго отурган учурда бузулмак деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, КР ТИМ менен орус тарап жоолугушуу учурунда күнөөлүү К. Азанов авиабазанын аймагында камакта тургандыгын билдирген.

Эске сала кетсек, жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 27-августунда болгон. Орусиялык аскер кызматкери 3 жашар баласы менен аялды сүзүп кеткен. Алган жараатынан аял ооруканага жетпей көз жумган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх