Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асынып алган Ош облусунун прокурорунун орун басарынын мыйзам жагынан эч кандай кыйынчылыктары болгон эмес

Маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертиза кылууга макул болушкан жок

Ош облусунун прокурору Төрө Кожошевге карата мурда кылмыш иши козголгон имиш. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына сот системасынын булактары билдирди. Ушул жагдай аны асынып алууга алып баргандыгы белгиленет.

Бирок бул маалымат такталган жок. Башкы прокуратура бул маалыматты четке какты.

- Ал эч кандай кылмыш иши тууралуу көзөмөлдөө органынан өткөн эмес, - деп жооп беришти.
 

Vesti.kg сайтына прокурордуна орун басарынын денесинде күч колдонуунун издери жок экендиги да белгилүү. Анын денесин аялы үйүндөгү сарайдан тапкан.

Андан сырткары, маркумдун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкандыктары билдирилди.

Эске салсак, Төрө Кожошев 10-сентябрда бул жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Ал 54 жашта болчу, артында 5 баласы калды.

Манас Көлбаев
Сүрөт www




Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх